Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Сыноо мөөнөтү

СЫНОО МӨӨНӨТҮ – КР эмгек укугунда жалдоочунун жумушчунун ишкер сапатын текшере турган, ал эми жумушчу өзү иштей турган жердеги эмгек шарты жана чогуу иштей турган эмгек жамааты менен тааныша турган мезгил аралыгы. Сыноо мезгилинин аралыгында жумушчуга карата эмгек жөнүндөгү мыйзамдар, ошондой эле ошол ишканада, мекемеде же уюмда түзүлгөн жамааттык келишим колдонулат. Эгер мыйзам тарабынан башка шарттар каралбаса, С. м. 3 айдан ашык созулбайт. Ага иштөөгө убактылуу жараксыз болгон жана жумушчу белгилүү себептер менен жумушка чыкпаган күндөр буга кошулбайт. С. м-нүн шарттары эмгек келишиминде, жумушка алуу жөнүндөгү буйрукта (тескемеде) көрсөтүлүүгө тийиш. Эгер мындай шарттар көрсөтүлбөсө, С. м-сүз эле ишке кабыл алынган болуп эсептелет. Жумушка кабыл алууда С. м. төмөнкүлөргө белгиленбейт: 18 жашка тололек балдарга; кесипчилик окуу жайын бүтүргөндөргө; ал адамга арналган жерге калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жиберилген майыптарга; боюнда бар жана 3 жашка тололек баласы бар аялдарга. Башка уюмга, башка ишке которулган адамдарга карата да С. м. колдонулбайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: